№ 116 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 11-январындагы “Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө чет өлкөлүк (эл аралык) байкоочулардын иштөө тартибинин түшүндүрмөсү жөнүндө” № 201;

2) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 20-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн ал тарабынан анын менчигинде жана анын үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн менчигинде турган кыймылсыз мүлктөр, автотранспорт, чарбалык субьекттин уставдык капиталындагы үлүшү же акциясы, ошондой эле шайлоо дайындалган жыл алдындагы жылдагы кирешесинин өлчөмү тууралуу маалымдарды Борбордук шайлоо комиссиясына берүү тартиби жана формалары жөнүндө” Нускаманы бекитүү тууралуу” №327;

3) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 28-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгү мезгилинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан берилген шайлоо документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” №335; 

4) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 28-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” №336;

5) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 1-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” №343;

6) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2000-жылдын 9-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасын, аны даярдоо тартибин, корголуу даражасын, текстин бекитүү жана аны төмөнкү шайлоо комиссияларына берүү жөнүндө” №451;

7) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2005-жылдын 22-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоо үчүн колтамгаларды чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу окүлдөрү берген кол коюу баракчалардагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө» Түшүндүрмө тууралуу” №87;

8) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2005-жылдын 27-апрелиндеги «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн эскертмени бекитүү жөнүндө” №96;

9) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2005-жылдын 22-июнундагы “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын, коргоо даражасын, текстин, аларды даярдоо жана төмөн турган шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү тартибин белгилөө жөнүндө” №178;

10) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 21-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоо үчүн колтамгаларды чогултуу жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу окүлдөрү берген кол коюу баракчалардагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү тартиби жөнүндө” Түшүндүрмө тууралуу” №18;

11) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 21-мартындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына тапшырылуучу шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” №19;

12) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 21-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында аккредитациялоонун тартиби жөнүндө” Убактылуу жобосун бекитүү тууралуу” №21;

13) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 1-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” №41;

14) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын коомдук кабылдамасы жөнүндө” №18;

15) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 10-августундагы «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча шайлоо бюллетенди даярдоо үчүн атайын кагаздын коргоо даражасын бекитүү жөнүндө” № 96;

16) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы “Шайлоочулардын тизмесин үймө-үй кыдыруу жолу менен тактоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” №294;

17) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 31-январындагы «Кыргыз Республикасынын Шайлоочуларды эсепке алуунун бирдиктүү системасы жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу №23 токтомдору;

күчүн жоготту деп табылсын.


2. Бул токтом ”Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Абдрахматовага жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 Бишкек ш, 2017-жылдын 13-майы

№ 116