№ 93 Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясын түзүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-апрелиндеги №87 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби жөнүндө” Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын  8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” Жобосуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы   №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык түзүлсүн.

2. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

    ТӨРАГА                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 18-апрели

№ 93