№ 61 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 3-мартындагы № 48 токтому менен 2016-жылдын 22-мартына дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя жана Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоосу, бир дагы катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын  албагандыгына байланыштуу, болбой калган.

Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 2-мартындагы № 49 буйругу менен Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Т.М.Абдыкадыров, Талас райондук прокуратуранын жана айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясынын токтомдоруна ылайык, ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 9-мартындагы       № 27-т буйругу менен Тепке айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейшембаев, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын      2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Нарын облусунун  Кочкор районунун Ак-Кыя жана Нарын районунун Дөбөлү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен,  2016-жылдын 8-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

  1. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо жана Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тепке айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 13-апрелине дайындалсын жана саат 9-00дөн        12-00гө чейин өткөрүлсүн.
  2. Кочкор, Нарын, Талас жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
  3.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

                ТӨРАГА                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 25 - марты 

№ 61