№168 “КР БШК жана КР Өкмөтүнө караштуу МККнын КР Президентин, КР ЖК депутаттарын шайлоону, КР референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө” Жобо

Шайлоо процессин өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү мезгилинде өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүн,  “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

Токтом кылат:

 

1. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө” жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 13-ноябрындагы № 204 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону, Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоодо жана өткөрүүдө өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө” жобо күчүн жоготту деп табылсын.

 3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайттарына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 20-июну

168