№23 2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө

2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-декабрындагы ПЖ №3 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинде мандаттардын саны     11ди түзөт. Каджы-Сай айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын шайлоодо 11 мандатка 42 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 2636ни түзүп, анын ичинен 1063 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 40,33 % түзөт.

Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын     6,7-беренелеринин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 1-февралындагы протоколу бекитилсин  (тиркелет).

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң аймактык шайлоо комиссиясына жана Кажы-Сай айылдык кеңешине жиберилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                      Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2018-жылдын  6-февралы,
№ 23