№ 119 2017-жылдын 15-майында өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 98 токтому менен 2017-жылдын 15-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Дооранбек уулу Мунарбек табылсын.


 2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

        

Бишкек ш., 2017-жылдын 19-майы

№ 119