28.05.2021 №346 Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеӊешинин 2021-жылдын 10-майындагы № 4 токтомунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Равиль кызы Нуриза, Назалова Мира Наркуловна, Чонатаева Нурила Текебаевна, Мамытов Тынарбек Тургунбаевич, Ызакбаев Абай Абдыкеримович, Ашырбекова Гульзар Эргешовна комиссиянын резервине киргизилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М. Конурбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 28-майы
№ 346