№247 Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2017-жылдын 18-июлуна дайындалган Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу өткөн жок.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
 
                                                                                             

ТОКТОМ КЫЛАТ:
 

1. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2017-жылдын 1-августуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
 

ТӨРАГА                                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 18-июлу,  
№ 247