№523 КР Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилери тарабынан КР БШКга келип түшкөн кайрылуулар, даттануулар жана арыздар жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37–беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо процессинин субъектилери тарабынан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына келип түшкөн кайрылууларды, даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалымат тиркемеге ылайык эске алынсын.

2. Ушул токтом «ЭркинТоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 25-октябры
№ 523