2014-жылдын 13-апрелинде Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаттары, 2014-жылдын 20-апрелинде Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек, Жумгал районунун Көк-Ой, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңештеринин депутаттары шайланган.
Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 78-б буйругу менен Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн башчысы Абдракманов А.А., Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 29-апрелиндеги № 5 буйругу менен Бейшеке айыл өкмөтүнүн башчысы Муратбеков А.Ж., Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 6-майындагы № 146 буйругу менен Бекмолдо айыл өкмөт башчысы Сапаралиев М.К., Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 6-майындагы № 121-р буйругу менен Жаңы-Жер айыл өкмөт башчысы Тезекбаев Н.К. өзүнүн берген арыздарынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 4-июнуна дайындалсын.
2.Токтогул, Ат-Башы, Жумгал, Сузак, Ак-Талаа, Кара-Буура, Талас, Сокулук аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3.Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 16-майы
№ 70
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 16-майындагы № 70 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоороду өткөрүүнүн графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы |
|
Жалал-Абад облусу Токтогул району |
||
|
1. |
Токтогул шаары |
4.06.2014-ж., саат 10-00 |
|
Сузак району |
||
|
2. |
Көк-Арт |
4.06.2014-ж., саат 10-00 |
|
Нарын облусу Ат-Башы району |
||
|
3. |
Казыбек |
4.06.2014-ж., саат 10-00 |
|
Жумгал району |
||
|
4. |
Көк-Ой |
4.06.2014-ж., саат 10-00 |
|
Ак-Талаа району |
||
|
5. |
Кызыл-Белес |
4.06.2014-ж., саат 10-00 |
|
Талас облусу Кара-Буура району |
||
|
6. |
Бейшеке |
4.06.2014-ж., саат 10-00 |
|
Талас району |
||
|
7. |
Бекмолдо |
4.06.2014-ж., саат 10-00 |
|
Чүй облусу Сокулук району |
||
|
8. |
Жаңы-Жер |
4.06.2014-ж., саат 10-00 |