28.04.2021 №148 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал жана Сумсар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал жана Сумсар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя, Чаткал жана Сумсар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылды 15-апрелиндеги:

- Каныш-Кыя айылдык кеңешинин;

- Чаткал айылдык кеңешинин;

- Сумсар айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Чаткал аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

 ТӨРАГА                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-апрели

№ 148