02.11.2020 №285 2020-жылы 29-октябрындагы өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 250 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Орок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Джаныбеков Азат Максатович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 29-октябрындагы протоколу менен Орок айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, А.М. Джаныбеков 18 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 29-октябрындагы протоколу менен Джаныбеков Азат Максатович Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 29-октябрында өткөрүлгөн Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Джаныбеков Азат Максатович Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Сокулук аймактык шайлоо комиссиясы Орок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 2 -ноябры
№ 285