№ 151 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө эл аралык шайлоо стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толук ылайыктуулукта демократиялык башталыштарды чыңдоо, шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларын маалымдоо тартибинин жана шарттарын регламенттештирүү максатында, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин  1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациялоо жөнүндө” Жобо бекитилсин.

2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 11-октябры

№ 151