12.03.2020 №71 2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 6-мартта өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 6-мартта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 18-февралындагы №48 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Рыскулов Токтосун Темирбекович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 6-мартындагы протоколу менен Михайловка айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 9 депутаты катышып, Рыскулов Т.С. - 9 добуш алганы, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 6-мартындагы протоколу менен Рыскулов Токтосун Темирбекович Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 6- мартта өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Рыскулов Токтосун Темирбекович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Михайловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы Михайловка айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 12-марты
№71