06.07.20ж. №126 2020-жылы 1-июлда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 1-июлда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2020-жылы 1-июлда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы № 108 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.
Кара-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Лолобаев Адыл Манасович катталган, талапкер «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» фракциясынан сунушталган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 1-июлундагы протоколу менен шайлоонун жыйынтыгы аныкталган. Добуш берүүдө Кара-Суу шаардык кеңешиндеги 30 депутат катышкан, 1 депутат катышкан жок. А. М. Лолобаев 30 добуш алган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 1-июлундагы протоколу менен А. М. Лолобаев Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
43-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2020-жылы 1-июлда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Лолобаев Адыл Манасович Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Суу шаарынын шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 6-июлу
№ 126