№309 Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2017-жылдын 24-июлундагы № 43, Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын 2017-жылдын 25-июлундагы № 51 тескемелерине ылайык, Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Орозбаев Мээрбек Суйундукович, Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Сатаров Данияр Сатарович, өздөрүнүн каалоосу боюнча, жеке арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев, Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 21-августуна дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн. 

2. Кара-Буура, Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараттын жетекчиси Б.Жумагуловго жүктөлсүн. 
        
ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2017-жылдын 2-августу,  
№ 309