30.08.2023 №82 2021-жылдын 28-ноябрында болуп ѳткѳн №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо мыйзам бузуулар жѳнүндѳ укук коргоо органдарынын материалдары тууралуу

2021-жылдын 28-ноябрында болуп ѳткѳн №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо
мыйзам бузуулар жѳнүндѳукук коргоо органдарынын материалдары тууралуу

 

2021-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) «№4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ» №822 токтому менен №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары аныкталган:

1) №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп ѳттү деп таанылган;

2) №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты болуп Бакиров Өмүрбек Мирзараимович таанылган.

№4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Р.Р.Рысбаевдин өкүлү А. Жумалиев соттук тартипте даттанганда, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 23-декабрындагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 17-декбарындагы № 822 токтому мыйзамдуу деп таанылып, күчүндѳ калтырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жогоруда аталган 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтомунун негизинде, 2023-жылдын 27-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясынын №838 токтому кабыл алынган, ал токтом менен Ө.М. Бакиров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

2022-жылдын декабрында Р.Р. Рысбаевдин ѳкүлү А. Жумалиев тарабынан – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бѳлүгү менен айыпталган Х.Б.Гоиповду жана Ф.М.Норматовду шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнѳѳлүү деп тапкан Ноокат райондук жана Ош обулустук сотторунун ѳкүмүндѳрүн эске алуу менен Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечимин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жѳнүндѳ доо арызы Бишкек шаарынын Административдик сотуна берилген.

2022-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарынын Административдик соттун ишти кароонун жыйынтыгы боюнча, Р.Р.Рысбаевдин жаңы ачылган жагдайлар негизинде кайра кароо арызы канааттандырылып, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечимин (№АД-1368/21абс8) жокко чыгаруу тууралуу аныктама кабыл алынган.

Борбордук шайлоо комиссиясы жана Ө.М. Бакиров тарабынан апелляциялык жана кассациялык инстанцияларга даттанууда, Бишкек шаардык Административдик сотунун 2022-жылдын 12-декабрындагы аныктамасы Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 6-февралындагы аныктамасы менен жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 26-апрелиндеги токтому менен күчүндѳ калтырылган.

2023-жылдын 7-июнунда, Бишкек шаарынын Административдик соту Р.Р. Рысбаевдин арызын маңызы боюнча карап чыгып, арыз боюнча анын талабын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын

12-декабрындагы №1433 чечимин жана 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомун жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Административдик соттун аталган чечими жогору турган инстанцияга даттанылып, Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июндагы аныктамасы менен жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декбарындагы
№ 822 токтомун жокко чыгаруу тууралуу 2023-жылдын 7-июнундагы Бишкек шаарынын Административдик сотунун чечими күчүндѳ калтырылган.

Жогоруда аталган сот актылары менен, шайлоо болду деп таанылган, ал эми Ө.М. Бакиров шайланган депутат болуп таанылган «№4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ» Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтому жокко чыгыралган.

2023-жылдын 26-августунда Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июндагы аныктамасы менен жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен күчүндѳ калтырылган Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткарууда Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 27-декабрындагы № 838 токтомун Ө.М. Бакировду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бѳлүгүндѳ жокко чыгарган, анткени ал токтомду кабыл алууга негиз болгон Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтому сот актылары менен жокко чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, мында, жаңы ачылган жагдайлар болуп 2022-жылдын 22-январындагы Ноокат райондук сотунун жана 2022-жылдын 31-мартындагы Ош облустук сотунун күчүнѳ кирген ѳкүмдѳрү Р.Р. Рысбаевдин арызын кайра кароо үчүн негиз болгон, анда жарандар Х.Б. Гоипов жана Ф.М. Норматов №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо мезгилинде шайлоочулардын добуштарын сатып алууда күнѳѳлүү деп таанылган.

Жарандар Гоипов Х.Б. жана Норматов Ф.М Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ гана каралган шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнѳѳлүү деп таанылып, бул жерде субьект болуп жарандар ѳздѳрү саналарын (талапкердин катыштыгы аныкталбай) белгилѳѳ зарыл.

Баяндалгандарга байланыштуу, Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтомду кабыл алууда ошол учурдагы колдо болгон, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары боюнча тергѳѳ жүргүзгѳн укук коргоо органдарынын маалыматтарына негизденгендигин белгилейт.

Түздѳн-түз аталган округ боюнча шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ алдында, министрдин орун басары Э. Аширходжаевдин колу коюлуп, 2021-жылдын 8-декабрында берилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин корутундулаган маалыматы (№1/7137) суратылып алынган жана каралган, ага ылайык «КР ЖК депутаттыгына талапкер Ө. Бакировдун, добуштарды сатып алуу боюнча өзүнчө бөлүнгөн сотко чейинки ѳндүрүш ишине катыштыгы бар экендигин далилдеген маалыматтар табылган эмес».

Кийин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2022-жылдын 16-декбарындагы министрдин орун басары кол койгон №СЭД-3401 маалыматы жиберилген, анда ѳзүнчѳ ѳндүрүшкѳ бѳлүнгѳн Ө.М. Бакировго карата кылмыш иши боюнча тергѳѳ улантылып жатканы айтылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтому сот актылары менен жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ маселени кароо үчүн 2023-жылдын 21-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине ѳзүнчѳ ѳндүрүшкѳ бѳлүнгѳн Ө.М. Бакировго карата кылмыш ишин тергѳѳнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берүү тууралуу суроо-талап (№04-9/743) жѳнѳткѳн.

2023-жылдын 30-августунда Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен 2023-жылдын 29-августунда Бакиров Өмүрбек Мырзараимовичке №03-040-2021-001548 кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинде (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн күнѳѳ коюлгандыгы тууралуу маалымат (№СЭД-3450) келип түшкѳн.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бѳлүгүнѳ ылайык: «Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.

Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылган учурда, шайлоочулардын талапкерге, саясий партияга берген добуштары шайлоо бюллетендерин анык эмес бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат».

Жогоруда аталган берененин 5-бѳлүгүнѳ ылайык: «Шайлоо участогунда добуш берүүнүн, добуштарды саноонун же добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоонун жүрүшүндө шайлоочулардын өз эркин билдирүүлөрүнө таасир эткен, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууларына, добуш берүүдө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, башка шайлоочулар үчүн добуш берүү, шайлоо комиссияларынын ишине кийлигишүү, шайлоочуларды сатып алуу менен байланышкан бузуулар шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен бузуулар деп түшүнүлөт».

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июнундагы аныктамасы менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен күчүндѳ калтырылган Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткарууда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын
30-августундагы маалыматынын, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 26-августагы №81 токтомунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын
37, 64-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бѳлүгүнѳ ылайык талапкер Ө.М. Бакиров боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылсын.

2. Рысбаев Равшанбек Рысбаевич №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдѳгү ырастама жана төш белги берилсин.

4. Бул токтомдун кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жѳнѳтүлсүн.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                            Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 30-августу

№ 82