07.07.2021 № 612 2021-жылдын2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абадоблусунун Базар-КоргонрайонунунТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасыжөнүндөпротоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абадоблусунун Базар-КоргонрайонунунТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасыжөнүндөпротоколдорду бекитүү тууралуу
2021-жылдын2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын19-июнундагы №525токтому менен дайындалган Жалал-АбадоблусунунБазар-КоргонрайонунунТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо болуп өттү.
Талдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Исаков Замирбек Тургуналиевич, Каимов Ганыжан Турсунбаевич, Кумашева Бурулча Абакуловна,Талдуу-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан,Мойдинов Каныбек ТажидиновичБазар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысынансунушталыпкатталган.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу мененТалдуу-Булакайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын21 депутаты катышып,1 турда: З. Исаковго –8 добуш,Г. Каимовго – 8 добуш, Б. Кумашевага– 1 добуш, К. Мойдиновго – 4 добуш; 2 турда: З. Исаковго –11 добуш,Г. Каимовго – 7добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 3 добушберилгендиги белгиленген.
Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Исаков Замирбек ТургуналиевичТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абад облусунун Базар-КоргонрайонунунТалдуу-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 2-июлундагыБазар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясынынТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын2-июлундаөткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-КоргонрайонунунТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын2-июлундагыпротоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абадоблусунун Базар-КоргонрайонунунТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Исаков Замирбек ТургуналиевичЖалал-АбадоблусунунБазар-КоргонрайонунунТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясы шайланганТалдуу-Булакайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдооКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 7-июлу
№612