17.10.2024 №167 Бишкек шаарындагы №1033, №1064, №1068, №1213, №1235, №1242, №1349 шайлоо участкаларынын дарекетерин өзгөртүү жөнүндө

Бишкек шаарындагы №1033, №1064, №1068, №1213, №1235, №1242, №1349 шайлоо участкаларынын дарекетерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 11-октябрындагы №19/2 Бишкек шаарындагы №1033, №1064, №1068, №1213, №1235, №1242, №1349, шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Бишкек шаарынын мэриясындагы Ленин, Биринчимай жана Свердлов райондорундагы муниципиалдык админстрацияларынын кайрылуусулардын негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бишкек шаарындагы1033 шайлоо участкасынын дареги №79 орто мектебинин имаратынан Бишкек шаарындагы Бадахшан, №2/1 «Б» көчөсүндөгү №97 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бишкек шаарындагы1064 шайлоо участкасынын дареги «Кенч» ААК имаратынан Бишкек шаарындагы Новопавловка айылындагы Деповская, №71 көчөсүндөгү №118 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

3. Бишкек шаарындагы1068 шайлоо участкасынын дареги «Дан Курулуш» ААК имаратынан Бишкек шаарындагы Новопавловка айылындагы Деповская, №71 көчөсүндөгү №118 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

4. Бишкек шаарындагы1213 шайлоо участкасынын дареги №28 лицей имаратынан Бишкек шаарындагы Панфилова, №159 көчөсүндөгү №70 мектеп гимназия имаратына өзгөртүлсүн.

5. Бишкек шаарындагы1235 шайлоо участкасынын дареги №14 муниципалдык аймактык башкаруу имаратынан Бишкек шаарындагы Кенеш, №45/1 көчөсүндөгү №78 мектеп гимназия имаратына өзгөртүлсүн.

6. Бишкек шаарындагы1242 шайлоо участкасынын дареги «Чынгыз» кафе имаратынан Бишкек шаарындагы Кокчо Тоо, №331 көчөсүндөгү «Ала-Тоо» кафе имаратына өзгөртүлсүн.

7. Бишкек шаарындагы1349 шайлоо участкасынын дареги ААК «Азат» имаратынан Бишкек шаарындагы «Учкун» кичи районунда №89 орто мектеп имаратына өзгөртүлсүн.

8. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын дарекетерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

9. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-октябры

№167