Башкы БШКнын ЧУА Токтом 04.10.2023 №96 Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаардык …

04.10.2023 №96 Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүнүдѳ Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүнүдѳ Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу

 

2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) жаран Т. Умралиевадан арыз келип түшкѳн. Арызда Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Н.И. Ладожинскаянын Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендиги тууралуу билдирген. Ушуга байланыштуу Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаты Н.И. Ладожинскаянын башка жарандыгы бар экендигин текшерүү жүргүзүүнү ѳтүнгѳн.

2022-жылдын 27-майында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген тартипте Н.И. Ладожинскаянын башка жарандыгы бар/жок экендигин аныктоо үчүн Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына суроо-талап жѳнѳтүлгѳн.

2023-жылдын 26-майында Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Санариптик ѳнүктүрүү министрлигинен (26.05.2023-жыл №8/836) Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинен келген маалымат келип түшкѳн, ага ылайык:

«Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча «Россия Федерациясынын жарандыгы жѳнүндѳ» РФнын 1991-жылдын 28-ноябрындагы № 1947-1 Мыйзамынын 18-беренесинин «г» пунктунун негизинде 31.01.1994-ж. Бишкек шаарындагы Россия Федерациясынын элчилигинде 06.10.1958-ж. тѳрѳлгѳн Ладожинская Надежда Ивановнанын Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгы жѳнүндѳ маалымат бар.

Текшерилген адамдын Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгы жѳнүндѳ маалымат жок».

Бул маалымат Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына кароо үчүн жѳнѳтүлгѳн.

2023-жылдын 30-майында Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы Н.И. Ладожинскаядан Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгы жѳнүндѳ маалыматты 2023-жылдын 6-июнуна чейин берүүсү тууралуу жазуу жүзүндѳ суроо-талабын жѳнѳткѳн.

Н.И. Ладожинская белгиленген мѳѳнѳттѳ Кара-Балта шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер болуп кѳрсѳтүлгѳн, катталган жана депутат болуп шайланган учурда Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгын тастыктаган документти берген эмес.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктуна ылайык башка мамлекеттин жарандыгы бар же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алуу фактысы белгилүү болсо, бул депутаттык ыйгарым укуктарды мѳѳнѳтүнүн мурда токтотууга негиз болуп саналат.

 «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык «Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз келип чыккан күндөн тартып тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы 30 календарлык күндөн кечиктирбестен кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат».

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясы 2023-жылдын 6-июнундагы №20 чечими менен «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин  2-бѳлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, ошондой эле Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынан алынган маалыматтын негизинде «Социал демократтар» депутаттык фракциясынан Кара-Балта шаардык кеңешине депутат Н.И. Ладожинскаянын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон. 

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 4-бѳлүгүнѳ ылайык, «Арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо укуктарын, шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маселени кароодо кызыкчылыктары бар тараптарга, жактарга же өкүлдөргө кароонун күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Көрсөтүлгөн жактар каралып жаткан маселенин маңызы боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана далилдерди келтирүүгө укуктуу».

2023-жылдын 8-июнунда Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине Н.И. Ладожинскаядан Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын жогоруда аталган чечимине даттануу келип түшкѳн. Н.И. Ладожинская ѳзүнүн даттануусунда Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 6-июнундагы чечимин жокко чыгарууну жана териштирүү жүргүзүүнү ѳтүнгѳн.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечимине  Н.И. Ладожинскаянын даттануусун кароонун алкагында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2023-жылдын 9-июнунда Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигине Н.И. Ладожинскаянын Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандагы туралуу маалымат берүүнү расмий суроо-талап жѳнѳтүлгѳн.

2023-жылдын 18-июлунда Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилиги тѳмѳндѳгүлѳрдү билдирген: «россиялык жарандыгы бар же жоктугу жѳнүндѳ маалыматты алуу үчүн Н.И. Ладожинскаянын ѳзү Россия Федерациясынын жарандыгы бар экендигин же болбосо жоктугун тастыктаган шарттарга текшерүү жүргүзүү жѳнүндѳ арыз менен Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бѳлүмүнѳ ѳзү кайрылуусу зарыл.

Мындай кайрылуу болбогон учурда анын жеке маалыматтарын топтоого жана иштетүүгѳ Н.И. Ладожинскаянын макулдугун Элчиликке берүүгѳ жол берилет, анын кол тамгасы Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бѳлүмүндѳ нотариус менен тастыкталууга тийиш».

2023-жылдын 22-июлунда Россия элчилигинин катынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бѳлүмүндѳ жеке маалыматтарын иштетүүгѳ макулдук берүүнүн зарылдыгы жѳнүндѳ Н.И. Ладожинскаяга жазуу жүзүндѳ маалымдаган.

2023-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бѳлүмү Н.И. Ладожинскаяга мына буларды маалымдаган: «11.08.2023-ж. Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилигинин консулдук бѳлүмүдѳ 06.10.1958-ж. тѳрѳлгѳн Ладожинская Надежда Ивановнанын Россия Федерациясынын жарандыгы бар/жок экендигин тастыктаган шарттарды текшерүүгѳ арызы кабыл алынды.» 

2023-жылдын 26-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрадан жиберген суроо-талабына Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын элчилиги мындай маалымат берген: «27.07.2006 -ж. М l52-ФЗ «Жеке маалыматтар жѳнүндѳ» Россия Федерациясынын Федералдык мыйзамынын талаптарын эске алып, 06.10.1958-ж. тѳрѳлгѳн Ладожинская Надежда Ивановнанын Россия Федерациясынын жарандыгы бар/жок экендигин тастыктаган шарттарды текшерүүнүн натыйжалары   анын жеке ѳзүнѳ гана берилиши мүмкүн».

2023-жылдын 28-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясына Н.И. Ладожинскаядан кайрылуу келип түшкѳн, анда Россия Федерациясынын консулдук бѳлүмүнүн расмий жообун күтүүнү ѳтүнгѳн. 2023-жылдын 28-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Н.И. Ладожинскаядан Россия Федерациясынын жарандыгы жок же жарандыктан чыккандыгы жөнүндө маалымат берүүнү кайрадан сураган.

Бүгүнкү күнгѳ чейин   Н.И. Ладожинская тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына да, Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына да Кара-Балта шаардык кеңешине депутаттыкка аны кѳрсѳткѳн, талапкер кылып каттаган жана депутат болуп шайланган учурда Россия Федерациясынын жарандыгынан чыккандыгын тастыктаган документ берилген жок.

2023-жылдын 29-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясына Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №20 чечими келип түштү.

Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №20 чечими «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныни 20-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин нормаларына  ылайык келет.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 28-пунктуна ылайык «Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет».

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин тараптарына Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин ылайык келүүсүн карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Социал демократтар» депутаттык фракциясынан Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине депутат Н.И. Ладожинскаянын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ» Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 6-июнундагы №20 чечими бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык,  билип туруп анык эмес маалымат бергендиги үчүн, Н.И. Ладожинскаяны жоопкерчиликке тартуу маселесин кароого Жайыл аймактык шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу кызмат адамына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун кѳчүрмѳсү Жайыл аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Балта шаардык кеңешине жѳнѳтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                

Бишкек ш., 2023-жылдын 4 октябры

№ 96