9.11.2024 №182 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формасы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формасы жөнүндө

 

         «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 35-38 беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формалары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын   9-ноябры

 №182