21.10.2024 №174

Кара-Кулжа, Тоң, Токмок, Москва, Кант жана Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдүү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү   М.М. Кумарбековдун, Токтосун уулу Б, А.Р. Мамасадыковдун, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү М.Э. Эгембердиеванын, Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Д Калчороевдун, Москва аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.А. Рысмановдун, Кант аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Н.К. Ералиеванын, Алай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.И. Абылаеванын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Кумарбеков Мыктыбек Мусаевич, Токтосун уулу Билал, Мамасадыков Адилбек Раимжанович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Саадамбек уулу Жалынбек, Бакиров Руслан Арзибаевич, Аширбеков Токтобай Мусаевич резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эгембердиева Майрамкуль Эсентуровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Муратова Айгүл Самыйбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Калчороев Арсен Доноевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Адылбекова Махабат Адылбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рысманов Авасбек Асылбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усенбаев Марат Бекболотович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Кант аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Улуу-Журт» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ералиева Наргиза Кемелевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бейшебаева Айсалкын Орозбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абылаева Айчурок Исмаиловна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Анарбаева Максаткан Адиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

7.       Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8.       Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                    

                            

Бишкек ш., 2024-жылдын 21-октябры

№ 174