23.11.2024 №210 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары   тууралуу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары   тууралуу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Талас шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ, 11 шайлоо участок түзүлгөн жана 1 аралыктан добуш берүү шайлоо участогу.

Шайлоочулардын тизмесине 27 011 шайлоочу киргизилген.

Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 6 саясий партия катталган: «Эл Үмүтү», «Бирге-Вместе», «Аманат ЭСП», «Социал демократтар», «Ынтымак», «Жаңы Кыргызстан».

Добуш берүүгө жалпысынан 9 056 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 33,53%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 80 шайлоочу катышты.

Талас шаардык кеңешинде мандаттардын саны 31.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 5 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Эл Үмүтү » - 1 643 добуш (18,29%) - 6 мандат; «Бирге-Вместе» - 2 790 добуш (31,06%) - 10 мандат; «Аманат ЭСП» - 1 940 добуш (21,59%) - 7 мандат; «Ынтымак» - 1 323 добуш (14,73%) - 5 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 1 021 добуш (11,37%) - 3 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 11 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз жаттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Талас шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Талас шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

210