17.10.2024 №165 Ош облусунун Араван районундагы №5341 жана №5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Ош облусунун Араван районундагы 5341 жана5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 8-октябрындагы №8, Ош облусунун Араван районундагы №5341 жана №5493 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Араван аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 7-октябрындагы №207, 2024-жылдын 8-октябрындагы №208 Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону  жетекчиликке алып,  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы №5341 шайлоо участкасынын дареги Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылындагы спорт комплексинин имаратынан Т.Бекенов атындагы №31 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. 
2. Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагындагы №5493 шайлоо участкасынын дареги Керме-Тоо айыл аймагынын Гулбаар айылындагы Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин имаратынан Токтогул атындагы №10 орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. 
3. Араван аймактык шайлоо комиссиясы Керме-Тоо айыл өкмөтү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 17-октябры

№165