03.10.2025 №92
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банктык мекемелерди аныктоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 6-бөлүгүн жана 42-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгын жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр аныкталсын:
1) 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “Элдик Банк” ачык акционердик коому жана “Айыл Банк” ачык акционердик коому;
2) Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулук берүүнү жүргүзүү үчүн ушул токтомдун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн банктык мекемелердин мобилдик тиркемелери.
2. Талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулук берүүнү жүргүзүү үчүн банктык мекемелердин мобилдик тиркемелеринин тизмеси, коммерциялык банктар менен ушул токтомдун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн банктык мекемелердин ортосунда тиешелүү макулдашуулар (келишимдер) түзүлгөндүгүнө жараша толукталсын деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын көзөмөлдөө-ревизиялык жана аудиттик иш сектору ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтом “Эркин Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025 жылдын 3-октябры
№ 92
