20.03.2024 №24 №7 Ош шайлоо округунун КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жѳнүндѳ

 

 

2024-жылдын 28 - апрелине дайындалган № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жѳнүндѳ

 

“№ 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024 - жылдын 14 - мартындагы № 77 Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8, 14-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 10 714 000 (он миллион жети жүз он төрт миң) сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин, анын ичинде:

         1) 2024-жылдын 28 - апрелине дайындалган № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон шайлоо комиссиялары үчүн борборлоштурулган сатып алуулар каражаттары камтылган Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгашаларынын сметасы (2-тиркеме);

          2) 2024-жылдын 28 - апрелине дайындалган № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасы (3-тиркеме).

         2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук бөлүмү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды бекитилген сметага ылайык тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

         3. Округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары ишке тартылган адистер, участкалык шайлоо комиссияларынын бардык төрагалары менен толук жеке материалдык жоопкерчилик жөнүндө келишимдерди түзсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын    пландоо, эсепке жүргүзүү жана отчеттуулук бөлүмүнө жиберсин.

         4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп жүргүзүү, отчеттуулук бөлүмү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана ишке тартылган жарандарды бекитилген сметага ылайык накталай эмес формада «РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААКсынын банк мекемелери аркылуу финансылык жактан камсыз кылууну уюштурсун жана бул каражаттардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуу.

         5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук-текшерүү тобу № 7 Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырсын. 

         6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жѳнѳтүлсүн.

         7. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 20 -марты

№ 24