19.06.2021 № 524 Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл

шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын 18-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин шайлоодо, бир дагы катталган талапкер депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шаарынын мэри шайланбай калган.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын 2-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 524