07.10.2024 №162 Баткен облусунун Лейлек районундагы №8015, №8016, №8200 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Баткен облусунун Лейлек районундагы №8015, №8016, №8200 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 2-октябрындагы №8, Баткен облусунун Лейлек районундагы №8015, №8016, №8200 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечими келип түшкөн.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими 2024-жылдын 27-сентябряндагы №01-19/869 Кулунду айыл өкмөтүнүн, 2024-жылдын 16-сентябряндагы №91 Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кайрылууларынын негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону  жетекчиликке алып,  

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы №8015 шайлоо участкасынын дареги Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылындагы үгүт-насаат үйүнүн имаратынан Ж.Ташполотов, №16 көчөсүндөгү «Бел-Алма» орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. 
2. Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы №8016 шайлоо участкасынын дареги Кулунду айыл аймагынын Булак-Башы айылындагы үгүт-насаат үйүнүн имаратынан Ленин, №45 көчөсүндөгү «Булак-Башы» орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн. 
3. Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы №8200 шайлоо участкасынын дареги Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Суу айылындагы «Эгемендүүлүк»  орто мектебинин имаратынан И.Раззаков, №32 көчөсүндөгү жалпы билим берүүчү мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
4. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы Кулунду жана Ак-Суу айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 7-октябры

№162