26.08.2023 №81

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

№4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

депутатын шайлоонун натыйжалары боюнча

соттордун чечимдерин аткаруу тууралуу

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ №370 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында болуп ѳткѳн.

2021-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) «№4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ» №822 токтому менен №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары аныкталган:

1) №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп ѳттү деп таанылган;

2) №4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп Бакиров Өмүрбек Мирзараимович таанылган.

№4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Р.Р.Рысбаевдин өкүлү А. Жумалиев соттук тартипте даттанганда, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечими жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 23-декабрындагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 17-декбарындагы № 822 токтому мыйзамдуу деп таанылып, күчүндѳ калтырылган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жогоруда аталган 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтомунун негизинде, 2023-жылдын 27-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясынын №838 токтому кабыл алынган, ал токтом менен Ө.М. Бакиров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган.

2022-жылдын декабрында Р.Р. Рысбаевдин ѳкүлү А. Жумалиев тарабынан – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 1-бѳлүгү менен айыпталган Х.Б.Гоиповду жана Ф.М.Норматовду шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнѳѳлүү деп тапкан Ноокат райондук жана Ош обулустук сотторунун ѳкүмүндѳрүн эске алуу менен Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечимин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жѳнүндѳ доо арызы Бишкек шаарынын Административдик сотуна берилген.

2022-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарынын Административдик соттун ишти кароонун жыйынтыгы боюнча, Р.Р.Рысбаевдин жаңы ачылган жагдайлар негизинде кайра кароо арызы канааттандырылып, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 17-декабрындагы чечимин (№АД-1368/21абс8) жокко чыгаруу тууралуу аныктама кабыл алынган.

Жогоруда аталган аныктамада, сот: 2022-жылдын 22-январындагы Ноокат райондук сотунун жана 2022-жылдын 31-мартындагы Ош обулустук сотунун ѳкүмдѳрү менен Х.Б. Гоипов жана Ф.М. Норматов «шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү мезгилинде кылмыш жосуну (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) юридикалык жактан аныкталган» деп, ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 268-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ, 2-бѳлүгүнүн 1-пунктунда белигенген жаңы ачылган жагдайлар талаптарына жооп берет» деген тыянакка келген.

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 6-февралындагы аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 26-апрелиндеги токтому менен Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2022-жылдын 12-декбарындагы аныктамасы күчүндѳ калтырылган.

2023-жылдын 7-июнунда, Бишкек шаарынын Административдик соту Р.Р. Рысбаевдин арызын маңызы боюнча карап чыгып, арыз боюнча анын талабын канааттандырып, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы №1433 чечимин жана 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтомун жокко чыгарган.

Мында, Бишкек шаарынын Административдик сотунун белгиленген чечимин кабыл алуу үчүн тѳмѳндѳгү шарттар негиз болгон:

1) Соттун тыянагына ылайык: «Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча маселени караган учурда БШКда шайлоочулардын добуштарын сатып алууга талапкер Ө.М. Бакировдун катыштыгын тастыктаган же жокко чыгарган акыркы натыйжалар болгон эмес, №1433 чечимин кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Э. Аширходжаевдин 08.12.2021-жылдагы чыг.№№1/7137 маалыматына негизсиз таянган».

Сот, 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтомун кабыл алууда БШКда «КР ЖПКда белгиленген тартипте Ноокат райондук сотунун ѳндүрүшүндѳ каралып жаткан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча, ошондой эле талапкерге карата өзүнчө бѳлүнгѳн сотко чейинки ѳндүрүш боюнча кылмыш ишине талапкер О.М. Бакировдун катыштыгы жоктугу жѳнүндѳ акт» жок болгондугун белгилеген.

Соттун пикири боюнча «Х.Б. Гоиповго жана Ф.М. Норматовго карата чыгарылган соттун ѳкүмүнүн негизинде шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы далилденген деп эсептелинет, ал эми жогоруда кѳрсѳтүлгѳн кылмыш иши жарандардын шайлоо укуктарына каршы коомдук коркунучтуу жана укукка каршы жосун экениндиги ѳкүмдө аталган жагдайлар менен КР ЖПК тартибинде аныкталган».

2) Андан ары сот, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам» 28-беренесинин 9-бѳлүгүнүн ченемдерине таянуу менен шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибин сактоону көзөмөлдөө жана жол берилген бузууларды четтетүү боюнча чараларды кабыл алуу боюнча БШКнын ыйгарым укуктарын белгилеген (соттун чечиминин 10-бетинин 7,8-абзацтары).

Ошону менен бирге сот, Кѳк-Жар шайлоо окуругунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысына БШК тарабынан «шайлоо мыйзамдарын сактоо кѳз карашынан алганда юридикалык баа берилбей калгандыгы, бул факт боюнча конституциялык Мыйзамда белгиленген чаралар кабыл алынбагандыгы» тууралуу тыянагынын негиздемесине конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бѳлүгүнүн экинчи абзацынын ченемин келтирген (соттун чечиминин 11-бетинин 2-абзацы).

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 9-бѳлүгүнүн экинчи абзацына ылайык: «Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелери бузулгандыгы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу (актысы) менен ырасталган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу».

Соттун пикири боюнча, конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 2-бѳлүгүнүн негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бѳлүгүнүн негизинде талапкер Ө.М. Бакировдун катоосун жокко чыгарууга жана ал боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга тийиш.

3) Сот, конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бѳлүгүнүн ченемдерине таянган: «Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу (конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 5-бѳлүгүнүн экинчи абзацына ылайык шайлоочулдардын добуштарын сатып алуу да кирет).

Конституциялык Мыйзамдын 46-беренесинин 2-бѳлүгүнүн 7-пунктуна ылайык, «талапкердин, анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ишенимдүү адамдарынын, байкоочулардын, ошондой эле жакын туугандарынын шайлоочуларды сатып алуу же ага катышуу, же ушул конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө белгиленген бузууларга катышуу фактылары далилденгенде талапкердин каттоосу жокко чыгарылат».

 

Жогоруда баяндалгандар боюнча, Борбордук шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтомду кабыл алууда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы боюнча тергѳѳнү ишке ашырган укук коргоо органдарында ошол учурдагы болгон маалыматтарына негизделген.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 159-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык (тергѳѳнүн тийиштүүлүгү) адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жѳнүндѳ жазык иштери боюнча тергѳѳ (анын ичинде КР КЖК 196-беренеси – шайлоочулардын добуштарын сатып алуулар боюнча) ички иштер органдарынын тергѳѳчүлѳрү тарабынан ишке ашырылат.

Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 8,10-бѳлүктѳрүнѳ ылайык «укук коргоо органдары жана башка органдар укукка каршы үгүт иштерине бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө, ошондой аныкталган фактылар жана көрүлгөн чаралар жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясына, референдум комиссиясына токтоосуз билдирүүгө милдеттүү».

Шайлоону даярдоо, ѳткѳрүү жана жыйынтыгын чыгаруу мезгилинде ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарынан келип түшкѳн бардык маалыматтар, алар боюнча аталган органдардын билдирүүлѳрү жана жооптору, анын ичинде каралбаган маалыматтар катары соттун чечиминде кѳрсѳтүлгѳндѳр, белгиленген тартипте БШК тарабынан дыкат каралган.

Түздѳн-түз аталган округ боюнча шайлоонун натыйжаларын белгилѳѳ алдында министрдин орун басары Э. Аширходжаевдин колу коюлуп, 2021-жылдын 8-декабрында берилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин корутундулаган маалыматы (№1/7137) суратылып алынган жана каралган, ага ылайык «КР ЖК депутаттыгына талапкер Ө. Бакировдун, добуштарды сатып алуу боюнча өзүнчө бөлүнгөн сотко чейинки ѳндүрүш ишине катыштыгы бар экендигин далилдеген маалыматтар табылган эмес».

Ошондой эле, 2022-жылдагы Ноокат райондук жана Ош обулустук сотторунун ѳкүмдѳрүндѳ жарандар Гоипов Х.Б. жана Норматов Ф.М Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ гана каралган шайлоочулардын добуштарын сатып алууга күнѳѳлүү деп таанылган, бул жерде субьект болуп жарандар ѳздѳрү саналышат.

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июнундагы аныктамасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтомун жокко чыгаруу тууралуу жогоруда аталган Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечими күчүндѳ калтырылган.

Ушуга ылайык, соттордун кабыл алган чечимдери менен шайлоо болуп ѳттү деп таанылып, ал эми Ө.М. Бакиров шайланган депутат болуп таанылган «№4 Кѳк-Жар бир мандаттуу шойлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ» Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы № 822 токтому жокко чыгарылган.

 

Түзүлгѳн кырдаалда сот актыларын аткаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо маселелерин чечүү зарыл.

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык: «Эгерде башка талапкерге караганда алда канча көп сандагы добуш алган талапкер үчүн берилген шайлоочулардын добуштарынын саны, шайлоочулардын бардык талапкерлерге каршы берилген добуштарынын санынан аз болсо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо болбой калды деп таанылат. Бул учурда кайра шайлоо өткөрүлөт».

Шайлоону болбой калды деп таануу үчүн конституциялык Мыйзамдын ушул беренесинде белгиленген шарттардын жоктугу ачык кѳрүнүп турат.

Андан ары, конституциялык Мыйзамдын жогоруда аталган 37-беренесинин 6-бѳлүгүнѳ ылайык, «Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп тааныйт:

1) эгерде добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылса;

2) эгерде талапкер (талапкерлер), саясий партиянын (партиялардын) талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүлөрдүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса».

Азыркы учурда, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүдѳ (1-пункттагыдай), же болбосо добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн бирин камтыган шайлоо участокторунун бөлүгүндөгү добуш берүүдѳ (2-пункттагыдай) бузууларды тастыктаган материалдар жок.

Кабыл алынган сот чечимдерин жана шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ маселени андан ары кароо үчүн 2023-жылдын 21-августунда Бобордук шайлоо комиссиясы Ө.М. Бакировго карата ѳзүнчѳ ѳндүрүшкѳ бѳлүнгѳн кылмыш ишин тергѳѳнүн жыйынтыктары боюнча маалымат берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине суроо-талап (№04-9/743) жѳнѳткѳн.

Ошону менен бирге «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бѳлүгүнүн биринчи абзацына ылайык, « Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылары, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу учурунда судьянын талаптары жана буйруктары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана алар кыйшаюусуз аткарылууга тийиш».

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 265-беренесинин 1-пунктуна ылайык, «Кассациялык инстанциядагы соттун актылары жарыя кылынган учурдан тартып токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт».

Жогоруда белгиленгендей, аталган сот актылары менен жокко чыгарылган Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 12-декабрындагы №822 токтомунун негизинде 2021-жылдын 27-декабрында Ө.М. Бакиров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары катталган Борбордук шайлоо комиссиясынын №838 токтому кабыл алынган.

Бишкек шаардык сотунун 2023-жылдын 26-июнундагы аныктамасы менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 18-августундагы токтому менен күчүндѳ калтырылган Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 7-июнундагы чечимин аткарууда, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28,37-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 27-декабрындагы №838 токтому Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты катары каттоо бѳлүгүндѳ жокко чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичтин күбѳлүгү анык эмес деп таанылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жѳнѳтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 26-августу

№ 81