10.10.2021 № 733 «2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган КР ЖК нын депутаттарын шайлоону даярдоого жана өзгөртүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" КР БШКнын 2021-жылдын 16-сентябрындагы № 701 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы №701 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Чет өлкөлөрдө түзүлгөн кошумча 10 шайлоо участогунун ишин каржылоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын            40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-сентябрындагы №701 токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктта «592 531 000 (беш жүз токсон эки миллион беш жүз отуз бир миң сом)» деген сөздөр «596 657 000 (беш жүз токсон алты миллион алты жүз элүү жети миң сом)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын кошумча сметасы 4 126 000 сом суммасында тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү бул токтомду Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго  жүктөлсүн.

     ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                   

      Бишкек шаары, 2021-жылдын 10-октябры

      № 733