27.08.2024 №106 Кара-Суу, Манас жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Абдилла кызы А., М.К. Айдаровдун, Т.А. Карабаевдин, Манас аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Женишбек уулу Б., Т.К. Ашырбековдун, Н.С. Рахманкулованын, Нурлан уулу Э., Ф.А. Чолпонкуловдун шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Т.С. Казиев каза болгондугуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1, 6-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы №176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Ата Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдилла кызы Арууке,  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Айдаров Мансур Каниметович, Карабаев Түгөлбай Аипович комиссиянын курамынан чыгарылсын;  

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Абдибаитов Камилжан Алимович, Арзиев Эмиль Маматкаримович, Ибрагим кызы Мираида резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Манас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

- «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Чолпонкулов Фархат Абдылдаевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Женишбек уулу Бектурган, Нурлан уулу Эрнест, Ашырбеков Төлөгөн Кенжебекович, Рахманкулова Наргиза Сейитказыевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Тойчубекова Айжамал Каныбековна, Болотбек кызы Ширин, Сурапбек кызы Перизат, Суранбаева Нурпери Бакеновна жана Жумагулов Талантбек Сарпекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Казиев Токтосун Сатыбалдиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурматов Айбек Дүйшөнович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                    

                            

Бишкек ш., 2024-жылдын 27-августу

№ 106