23.11.2024 №212 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 36 шайлоо участок жана аралыктан добуш берүү үчүн 1 шайлоо участогу түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 89 792 шайлоочу киргизилген.

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 3 саясий партия катталган: «Адилет», «Жаны Кыргызстан», «Эмгек».

Добуш берүүгө жалпысынан 24 650 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 27.45%  түзөт, анын ичинен аралыктан добуш беруугө 47 шайлоочу катышты.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде мандаттардын саны 41.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 3 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: «Жаны Кыргызстан» - 11 829 добуш (48.52%) - 20 мандат;  «Адилет» -9 915 добуш (40,67%) - 17 мандат; «Эмгек» - 2 357 добуш (4.67%) - 4 мандат.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 36 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жана Жалал-Абад шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-ноябры

212