07.10.2024 №161 Бишкек, Тоң, Базар-Коргон, Таш-Көмүр жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Бишкек, Тоң, Базар-Коргон, Таш-Көмүр жана Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү  Р.У. Джумалиеванын, А.П Кулдановдун, А.М Тажиматовдун,  Р.К Маматкулованын, И.Р Ишенбаевдин, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Б. Чойтонбаеванын, Айбек кызы А,  Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү   А.Т. Мураталиевдин, Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Э. Эгизбаеванын, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.А. Рысалиеванын аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,  8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине, 22-беренесинин  10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына  төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • «Элдик партия» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кулданов Айбек Панарбекович, «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тажиматов Амат Маматкулович, «Нур» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Маматкулова Рима Калыбаевна, «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ишенбаев Ислам Рыскелдиевич, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумалиева Роза Усеновна, комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мырзакматова Минаим Осмоналиевна, «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жунушалиев Осмон, «Эмгек» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Болот уулу Омурбек, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Халилова Айтурган Алижановна, «Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Атабеков Кумарбек Кизаевич, «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Малтаева Кундус Бейшеновна резервден комиссиянын резервинен чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Сыдыгалиева Чолпон Кадырбековна, Ибрагимов Жайнак Усенович, Алыбекова Элиза Жумабековна, Атаев Эрлан Сагынович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Чойтонбаев Бакытбек, Айбек кызы Айзада комиссиянын курамынан чыгарылсын;

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан көрсөтүлгөн Үмөтов Максат Ниязович, Аламанова Гүлжан Турганбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мураталиев Алмазбек Тологонович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдукаримов Заирдин Бултурсунович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

4. Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Эгизбаева Айгерим Эгизбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мусаева Элина Казаковна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

5. Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рысалиева Айзат Асанкадыровна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токталиева Нурайым Жакыпбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

6. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7.       Бул токтомдун аткарылышын контролдоо   Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                    

 Бишкек ш., 2024-жылдын 7-октябры

№ 161