01.10.2025 №90

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссияларынын курамдарын бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 Жарлыгына “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген Шайлоо комиссияларын түзүүнүн, таркатуунун жана шайлоо комиссияларынын резервдерин түзүүнүн, жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине 30 округдук шайлоо комиссияларынын курамдары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                    Т. Шайназаров

Бишкек ш., 2025-жылдын 3-октябры

№ 90