01.07.2021 № 582 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 225 токтому менен дайындалган Ош облусунун Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдуллаев Мухаммед Бектемирович, Шамшидинов Давранбек Махаммадзулинович катталган. Талапкерлер Нурабад айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Нурабад айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, М.Б. Абдуллаев - 2 добуш, Д.М. Шамшидинов - 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Араван аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Шамшидинов Давранбек Махаммадзулинович Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынып, арыз ээсине жооп кат түрүндө берилген.
2021-жылдын 7-июнундагы Араван аймактык шайлоо комиссиясынын Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш
берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Араван аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Шамшидинов Давранбек Махаммадзулинович Ош облусунун Араван районунун Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Араван аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу
№ 582