17.10.2021 № 746 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин  депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметаны бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каралган сметаны бекитүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-октябрындагы ПЖ №457 Жарлыгынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4,8,14 беренелерин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14,48-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 212 000 (эки жүз он эки миң) сом суммасында бекитилсин (тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенип Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каржылоону уюштурсун, республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты Аксы аймактык шайлоо комиссиясына бекитилген сметага ылайык бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

3. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражатты тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, аларды финансылык жактан камсыздоону бекитилген сметага ылайык уюштурсун жана ал каражаттарды максаттуу пайдаланылышына контролдоону камсыз кылсын.

 

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек шаары, 2021-жылдын 17- октябры

№ 746