Ысык-Көл облусунун Түп районундагы № 3056, 3057, 3059, 3083 шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтому менен бекитилген Шайлоо округдарынын жана шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобонун 5-бөлүмүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы төмөндөгү шайлоо участокторунун даректери:
– № 3056 шайлоо участогунун дареги Балбай айыл аймагынын Кудургу айылы, Ленин көчөсү, 55б, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Балбай айыл аймагынын Кудургу айылы, Ленин көчөсү, 55а, К. Усенбеков атындагы орто мектептин имараты дарегине;
– № 3057 шайлоо участогунун дареги Балбай айыл аймагынын Фрунзе айылы, Киров көчөсү, 59, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Балбай айыл аймагынын Фрунзе айылы, Д. Садыбеков көчөсү, 31/1, М. Фрунзе атындагы орто мектептин имараты дарегине;
– № 3059 шайлоо участогунун дареги Балбай айыл аймагынын Ак-Булак айылы, А. Усенов көчөсү, н/ж, айыл өкмөтүнүн имараты дарегинен Балбай айыл аймагынын Ак-Булак айылы, А. Усенов көчөсү, 2а, “Байэл” балдар бакчасынын имараты дарегине;
– № 3083 шайлоо участогунун дареги Карасаев айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы, Садыракун көчөсү, 73, “Ынтымак” маданият үйүнүн имараты дарегинен Карасаев айыл аймагынын Сары-Дөбө айылы, Садыракун көчөсү, 56, С. Карачев атындагы орто мектептин имараты дарегине өзгөртүлсүн.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы Балбай, Карасаев айыл аймактарынын айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында
№3056, 3057, 3059, 3083 шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2026-жылдын 14-августу
№ 82