Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүрг

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы 37 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салуу жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бирдей колдонуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жободо:

- 42-пункттун 3-абзацындагы үгүт маалында шайлоочулар арасында акысыз таратууга уруксат берилген үгүт материалдарынын жана товарларынын тизмеси төмөнкүдөй тизме менен алмаштырылсын:

“1. Үгүт басма материалдары (гезиттер, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкердин визиттик карточкалары, текстиль шопперлери (экобаштыктар).

2. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар белгилер.

3. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар футболкалар, жилеттер.

 4. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар баш кийимдер.

5. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар жоолуктар.

6. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар желекчелер.

7. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар аба шарлары.

8. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар калемдер, карандаштар, кружкалар, блокноттор.;

- 45-пункттун биринчи абзацындагы “эстеликтерге” деген сөздөн кийин кирүү аркалары (стелалар),” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 19-августу

86