№60

Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин, Жумгал, Бакай-Ата, Манас шаардык жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:

1.“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:

– Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Аламүдүн районунун А. Сыдыков айылдык кеңеши боюнча;

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 8 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңеши боюнча;

– Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 3 Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңеши боюнча;

– Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 3 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;

– Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 17 Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңеши боюнча;

2).“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандат тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

– Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 2 Чүй облусунун Аламүдүн районунун А. Сыдыков айылдык кеңеши боюнча;

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 8 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айылдык кеңеши боюнча;

Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 10 Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айылдык кеңеши боюнча;

– Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 27-апрелиндеги № 4 Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айылдык кеңеши боюнча;

– Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 4 Талас облусунун Бакай-Ата районунун Биримдик айылдык кеңеши боюнча;

3) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:

– Манас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 17 Жалал-Абад облусунун Манас шаардык кеңеши боюнча;

– Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 2 Ош шаардык кеңеши боюнча.

Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет.

Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

.Аламүдүн, Ысык-Ата, Жумгал, Бакай-Ата жана Манас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин, Жумгал, Бакай-Ата, Манас шаардык жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Аламүдүн, Ысык-Ата, Кемин, Жумгал, Бакай-Ата, Манас шаардык жана Ош аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 12-майы

№60