26.04.2024 №39 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

Адахан Кимсанбаевич Мадумаровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

 

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичке карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 400, 426-беренелерине ылайык 2024-жылдын 26-апрелинде мыйзамдуу күчүнѳ кирген Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы ѳкүмүнүн негизинде,

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 134-берененин 1-бѳлүгүнүн 8-пунктуна, 2, 4-бѳлүктѳрүнѳ, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мадумаров Адахан Кимсанбаевичтин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                    Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 26-апрели

№39