16.06.2023-ж. №58

Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике от 9 августа 2010 года, №141 16.12.2024 №266 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси 16.12.2024 №264 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Т. Толоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 16.12.2024 №265 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Су 10.01.2025 №1 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Талас шаардык, Сузак, Ка 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Ш. Токторбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 30.08.2023-ж. №82 26.11.2024 №263 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.01.2025 №3 КРнын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө 23.01.2025 №4 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө 26.11.2024 №262 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №261 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак жана Кара-Дарыя айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 25.11.2024 №260 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу, Нарзан, Төлөк, Төрт-Гүл, Миң-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Москва аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 25.11.2024 №259 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №258 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө жана Э. Иманалиев айылдык кеңештеринин депуттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө  Токтогул  аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №257 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №256 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №255 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Манас айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №254 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Акназаров, Биримдик, Күмүштак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №253 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Алай районундагы Жаңы-Алай, Жибек-Жолу, Курманжан-Датка, Памир-Алай, Тилектеш жана Үч-Дөбө-Алай айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Алай аймактык шайлоо комиссия 24.11.2024 №252 ​​​​​​​2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы А.Мирмахмудов, Бел, Гулистан, Жаңы-Ноокат, Кара-Таш, Кеңеш, Көк-Бел, Көк-Жар, Кыргыз-Ата, Н.Исанов, Т.Зулпуев, Т.Кулатов жана Төөлөс айылдык кеңештеринин депутатта 24.11.2024 №251 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ала-Тоо, Баш-Булак, Датка, Жоош, Мады, Манас, Отуз-Адыр, Папан, Савай жана Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Суу аймактык шай 24.11.2024 №250 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №249 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районундагы А.Масалиев, Ак-Турпак, Бирлик, Исхак-Полотхан, Майдан, Молдо Нияз, Орозбеков, Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кадамжай ай 24.11.2024 №248 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №247 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №246 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районундагы З. Кайназарова атындагы, Военно-Антоновка, Гавриловка, Жаңы-Пахта, Күнтуу, Төмөнкү-Чүй, Сары-Өзөн, Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүн 24.11.2024 №245 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 24.11.2024 №244 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш, Толук, А. Суеркулов, жана Үч-Терек айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу 24.11.2024 №243 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Кызыл-Туу, Багыш, Көк-Арт, жана Кыз-Көл, айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын прото 24.11.2024 №242 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Шамалдуу-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №241 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №240 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №239 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу, Жаңы-Жер, Кең-Талаа, Кулунду, Лейлек, Сумбула, Тогуз-Булак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Лейлек аймактык шайлоо комиссиясыны 23.11.2024 №238 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №237 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен  районундагы Д.Садырбаев, Э.Алиев, Момбеков  жана Бүргөндү-Достук  айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №236 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Кеңеш, Арстанбап-Ата, жана Сайдыкум айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын проток 23.11.2024 №235 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №234 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуну Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №233 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №232 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Кудук, Жайылма, Жээк, Кең-Булун, Кочкорбаев, Нурманбет, Сын-Таш, Узун-Кыр, Ысык-Ата айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Ысык-Ата аймакты 23.11.2024 №231 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Чүй районундагы Биримдик, Бурана, Онбир-Жылга, С.Ибраимов,  Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №230 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А. Сыдыков, Арашан, Байтик-Баатыр, Достук, Кара-Жыгач, С. Чокморов, Таш-Мойнок айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аламүдүн аймактык шайлоо 23.11.2024 №229 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат, Жайыл, Сары-Коо, Суусамыр, Талды-Булак, Ынтымак айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жө 23.11.2024 №228 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №227 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак, Самаркандек, Суу-Башы, Төрт-Гүл айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Баткен аймактык шайлоо комисс 23.11.2024 №226 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №225 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө 23.11.2024 №224 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө

«№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгы менен №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.  

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун схемасы жана чек аралары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2021-жылдын 5-сентябрдагы №684 токтому менен бекитилген.

 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 51 шайлоо участогу түзүлгөн.  

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 124 908 шайлоочу киргизилген.  

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы 32 талапкерди каттаган, анын ичинен катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде үч талапкердин каттоосу жокко чыгарылган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого
29 талапкер катышты.

Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы №5/1 чечими менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык (мындан ары - конституциялык Мыйзам), № 1062 шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы протоколунун маалыматына  ылайык, 50 шайлоо участкасында жыйынтыктар чыгарылган:

  1. Айдаралиева Таалайкүл Муратовна - 151 (0,87%) добуш алды;
  2. Айтбаев Акыл Казакович - 964 (5,61%) добуш алды;
  3. Суваналиев Омурбек Исакович - 852 (4,96%) добуш алды;
  4. Сарылдык уулу Илгиз - 43 (0,25%) добуш алды;
  5. Субанов Айбек Манасбекович - 274 (1,60%) добуш алды;
  6. Аттокур уулу Илимбек - 889 (5,18%) добуш алды;
  7. Эмилов Темир Аттокурович - 209 (1,00%) добуш алды;
  8. Джеенбеков Равшан Бабырбекович - 402 (2,34%) добуш алды;
  9. Скорняков Андрей Владимирович - 171 (1,00%) добуш алды;
  10. Айткулов Муктарбек Мукулович - 715 (4,16%) добуш алды;
  11. Тербишалиев Данияр Омурзакович - 470 (2,74%) добуш алды;
  12. Сагидаева Салтанат Ариповна - 326 (1,87%) добуш алды;
  13. Керимбеков Бакыт Макенович - 24 (0,14%) добуш алды;
  14. Искаков Эртай Дуйшобекович - 1299 (7,56%) добуш алды;
  15. Сариев Улан Алмасбекович - 2043 (11,90%) добуш алды;
  16. Камбаров Мирлан Адилбекович - 87 (0,51%) добуш алды;
  17. Бекназаров Руслан Азимбекович - 400 (2,33%) добуш алды;
  18. Касмалиев Ажыбек Кадыркулович - 205 (1,19%) добуш алды;
  19. Рысалиев Бактыбек Коржубаевич - 60 (0,34%) добуш алды;
  20. Исмаилова Карачач Джумаевна - 34 (0,20%) добуш алды;
  21. Булекбаев Эркин Касымович - 39 (0,22%) добуш алды;
  22. Тазабекова Гүлшат Алпамышовна - 17 (0,10%) добуш алды;
  23. Кунакунов Максат Касымжанович - 204 (1,19%) добуш алды;
  24. Мадылбеков Эльдар Туратбекович - 114 (0,66%) добуш алды;
  25. Ниязалиева Дамира Абаскановна - 6185 (36,02%) добуш алды;
  26. Бакир уулу Турсунбай - 374 (2,18%) добуш алды;
  27. Макешов Кубанычбек Бектемирович - 28 (0,16%) добуш алды;
  28. Токталиев Акин Усубалиевич - 56 (0,33%) добуш алды;
  29. Маликов Аким Маликович - 68 (0,39%) добуш алды;

-«Баарына каршы» позициясы үчүн - 372 (2,17%) добуш берилди.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 28 арыз, даттануулар жана билдирүүлөр  келип түшкөн.

Келип түшкөн арыздар, даттануулар жана билдирүүлөр  каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган.

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык: «Эгерде шайлоолорго даярдануу, добуш берүүнү өткөрүү, добуштарды саноо, добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилөө учурунда талапкер, саясий партия тарабынан добуш берүүнүн жыйынтыгын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербеген бузуулар орун алса, же шайлоочулардын эрк билдирүүсүнө таасир көрсөтүлсө, Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер, талапкерлердин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп таанууга укуктуу.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынан келип түшкөн материалдардын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 5-июнундагы № 123 чечими менен конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарын бузгандыгы үчүн № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д.А. Ниязалиеванын каттоосу жокко чыгарылган, ушуга байланыштуу конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык талапкер Д.А. Ниязалиева боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары анык эмес деп таанылган.

Талапкер Д.А. Ниязалиева тарабынан соттук тартипте даттанылганда Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 9-июнундагы чечими, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 16-июнундагы токтому менен Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 5-июнундагы № 123 чечими мыйзамдуу деп таанылып, күчүндө калтырылган.

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 45-беренесинин 9-бөлүгүнүн төртүнчү абзацына ылайык: «Кассациялык инстанциясынын сотунун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт».

Конституциялык Мыйзамдын 37-беренесинин 6-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык эгерде талапкер (талапкерлер) боюнча добуш берүүнүн анык эмес деп таанылган жыйынтыктары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын жалпы санынын үчтөн биринен ашыгын камтыса Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоонун жыйынтыктарын анык эмес деп таанылат

Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы протоколуна ылайык №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан шайлоочулардын жалпы саны 51 шайлоо участкасында 17 425 шайлоочуну түзгөн, алардын ичинен талапкер Д.А. Ниязалиева үчүн 6185 (36,02%) шайлоочу добуш берген, бул добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санынын үчтөн биринен ашыгын түзөт.

Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык: «Шайлоо мыйзамдарынын бузулушун аныктоонун натыйжасында добуш берген күндөн кийин талапкер, саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы анык эмес деп таанылган учурда, шайлоочулардын талапкерге, саясий партияга берген добуштары шайлоо бюллетендерин анык эмес бюллетендерге кошуу менен жараксыз деп таанылат. Мындай талапкер, саясий партия кийинки шайлоого катыша албайт».

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1, 6-бөлүктөрүнө, 64-беренесинин 21-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 31-майындагы протоколунун, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 5-июнундагы № 123 чечиминин, Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2023-жылдын 9-июнундагы чечиминин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2023-жылдын 16-июнундагы токтомунун негизинде,

         Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык талапкер Д.А. Ниязалиеванын пайдасына берилген 6185 добуш санындагы шайлоочулардын добуштарын камтыган шайлоо бюллетендери анык эместерге кошулуу менен жараксыз деп табылсын.

2. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо анык эмес деп таанылсын.    

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш. 2023-жылдын 16-июну

№58