31.10.2024 №176 Бишкек шаарындагы №1315 жана №1374 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарындагы №1315 жана №1374 шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө 2024-жылдын 15-октябрындагы №22/2 чечими келип түшкөн.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечими Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов районундагы муниципиалдык админстрациясынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы № 4 токтому менен бекитилген «Шайлоо округтарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруунун тартиби жөнүндө» жобону жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарындагы №1315 шайлоо участкасынын дареги М.Джангазиев атындагы курчак театрдын имаратынан, Бишкек шаарындагы Усенбаев көчөсүнүн №164 дарегиндеги №10 орто мектептин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Бишкек шаарындагы №1374 шайлоо участкасынын дареги «Алина» дүкөнүнүн имаратынан, Бишкек шаарындагы Кыргызская көчөсүнүн 328 дарегиндеги «Ала-Арча» дарыкананын имаратына өзгөртүлсүн.

3. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоо участкаларынын даректерин өзгөрүүсү боюнча шайлоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктѳлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2024-жылдын 31-октябры

176