13.10.2021 № 734 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 128 буйругу менен Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысы Оморов Чынгыз Ашырбекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 1-ноябрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-октябры
№ 734