07.07.2021 № 611 2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2021-жылдын 2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэрин кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

 

2021-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-июнундагы № 524 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Кара-Көлшаарынын мэрин кайрашайлоо болуп өттү.

Жалал-Абад облусунунКара-Көлшаарынын мэринин кызмат ордуна 4 талапкер – Абылов Рахматалы Алишерович- «Ата-Журт Кыргызстан», «Замандаш»депутаттык фракциясынан, Айтмаматов Улан Алимбекович- «Бирге-Вместе» депутаттык фракциясынан, Балташов Алмазбек Шукуралиевич - «Мекен Ынтымагы» депутаттык фракциясынан, Казыбеков Эрлан Нурланбекович - «Ыйман Нуру» депутаттык фракциясынансунушталып катталган.

Кара-Көлаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн  жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Кара-Көлшаардык кеңешиндеги 31 депутаттын31 депутаты катышып,  1 турда: Р. Абыловго- 6 добуш, У. Айтмаматовго – 7 добуш, А. Балташовго- 10 добуш, Э. Казыбековго – 8 добуш; 2 турда: А. Балташовго- 17 добуш, Э. Казыбековго – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Көлаймактык шайлоо комиссиясынын кайрашайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июлундагы протоколу менен Балташов Алмазбек ШукуралиевичКара-Көлшаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Жалал-Абад облусунун Кара-Көлшаарынын мэрин кайрашайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыздар жана даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 2-июлундагы Кара-Көлаймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көлшаарынын мэрин кайрашайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын2-июлунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Кара-Көлшаарынын мэрин кайрашайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Көлаймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 2-июлундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунунКара-Көлшаарынын мэрин кайрашайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Балташов Алмазбек ШукуралиевичЖалал-Абад облусунун Кара-Көлшаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Көлаймактык шайлоо комиссиясы шайланганКара-Көлшаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.      

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын7-июлу

№ 611