10.08.2021 №645 2021-жылдын 4-августунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 4-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 16-июлундагы № 627 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бакасов Максат Бекбосунович, Шакиров Рыскул Болотович - Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-августундагы протоколу менен Сары-Булак айылдык кеңешиндеги бардык 21 депутаты катышып, М. Бакасовго – 13 добуш, Р. Шакировго – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 4-августундагы протоколу менен Бакасов Максат Бекбосунович Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 4-августундагы Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 4-августунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 4-августундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бакасов Максат Бекбосунович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 10-августу
№ 645