Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин бекитүү жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишин оптимизациялоо жана ишти уюштуруу тартибин өркүндөтүү, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын регламентин бекитүү жөнүндө” 2025-жылдын 10-сентябрындагы № 73 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Шайназаров Тынчтык Ураимовичке жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага                         Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 14-августу

№ 77