25.06.2021 № 559 Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2021-жылдын25-июнуна дайындалган Ош облусунунАлай районунун Коңур-Дөбөайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо, бир дагы катталган талапкер айылдык кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбайкалган.

«Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбөайыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2021-жылдын9-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Алай аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдын башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                              

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-июну

№ 559