07.10.2025 №95

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы шайлоо участкасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1-беренесин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын Дөмөр айылындагы М. Жунусалиев көчөсүндөгү  Г. Бакиева атындагы № 24 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 2413 шайлоо участогунун дареги Манас шаарынын аймагындагы Т. Байзаков, 171 көчөсүндө жайгашкан автобекеттин имаратына өзгөртүлсүн.

2. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэриясы менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участканын дареги өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтом “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 7-октябры

№ 95