22.11.2024 №195 2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгы менен дайындалган  Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

Кайыңды шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн.

Шайлоочулардын тизмесине 7 027 шайлоочу киргизилген.

Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоого 6 саясий партия катталган: «Ынтымак», «Жаңы Кыргызстан», «Эл Биримдиги», «Ишеним», «Бирге-Вместе», «ЭлАман».

Добуш берүүгө жалпысынан 2 419 шайлоочу катышты, бул жалпы шайлоочулардын 34,42%  түзөт, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө 4 шайлоочу катышты.

Кайыңды шаардык кеңешинде мандаттардын саны 21.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 6 саясий партиялар шайлоочулардын жалпы санынын 5 жана андан көп пайызынын добушуна ээ болду: « Ынтымак » - 704 добуш (29,69%) - 6 мандат; «Жаңы Кыргызстан» - 536 добуш (22,60%) - 5 мандат; «Эл Биримдиги» - 373 добуш (15,73%) - 3 мандат; «Ишеним» - 280 добуш (11,80%) - 3 мандат; «Бирге-Вместе» - 230 добуш (9,70%) - 2 мандат; «ЭлАман» - 221 добуш (9,36%) - 2 мандат;

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 56-1-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябындагы №136 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык:

- 4 участкалык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүүнүн шайлоо участкаларынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколдордун негизинде Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына 3 арыз түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө каралбай калган арыздар жана даттануулар жок.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 56-1-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жана Кайыңды шаардык кеңешине жиберилсин.

4. Панфилов аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 22-ноябры

№ 195