01.102024 №156 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бе

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бекитүү тууралуу №219-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын шайлоону жана референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 4-беренесине, Кыргыз Республикасында референдумдарды жана шайлоолорду өткөрүү боюнча шайлоо комисиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6,7-беренелерине жана Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 35-38-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо комиссияларынын протоколдорунун формаларын бекитүү тууралу” №219-токтомунун тиркемесиндеги протоколдордун формасына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

         1) төмөндөгү протоколдордун формаларынын 2, 4 пункттары күчүн жоготту деп табылсын:

-шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдун формасынын;

-шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун формасынын;

-шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдун формасынын;

-айылдык кенештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округу боюнча шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнундө протоколдун формасынын;

- айылдык кенештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жонүндө протоколдун формасынын;

-айылдык кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун формасынын.

         2. Бул токтом Эркин Тоо газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

         3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек, 2024-жылдын 1 октябры

№ 156